Өлкөдө акыркы жумада КРВИ жана сасык тумоонун 4 миң 576 учуру катталды. Бул мурунку жумага салыштырмалуу 30,4%га аз.
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришкендей, ооругандардын ичинен 71,7%ын 14 жашка чейинки балдар түзөт.
Мындан сырткары, курч респиратордук вирустук инфекциялардын циркуляциясы да байкалууда, алардын ичинен көбүрөөк риновирус 32,4%, респиратордук-синцитиалдык вирус 25,2%, парагрипп 17% жана башка вирустар 25,4% түзөт.
COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абалга мониторинг жүргүзүү уланууда, акыркы жумада Ошто бир учур катталган.