Пара алып жаткан жеринен жактоочунун жардамчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, мурда УКМКнын дарегине А.Б.Э аттуу жаран, Аламүдүн райондук сотунун Б.А.М. аттуу кызматкери соттун чечимин тездетүү үчүн опузалап акча талап кылгандыгына чара көрүү тууралуу арызы менен кайрылган.
Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара талап кылуу) менен козголгон сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында, ушул жылдын 1-мартында жактоочунун жардамчысы Б.А.М. кармалды.
Кармалган жаран сот имаратында жүргөндө өзүн Аламүдүн сотунун кызматкери катары көрсөтүп, соттук териштирүүнүн мөөнөттөрүн тездетүү боюнча кызматтарды сунуштаган.
1-мартта Аламүдүн сотунун имаратынын жанынан тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө пара катары акча алуу процессинде адвокаттын жардамчысы кармалды.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.