7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эжесине кат жазган кыз: «Ушунун баарын угуп, таягын жеп, ушунча жыл чыдаган сага таң калдым»

1429

1-марттан 8- мартка чейин «Сезим» борбору «Эжеме кат» аттуу рубрикага келген студент жаштардын каттарын жарыялоодо.

«Чын дилден чыккан бул каттарда аялдардын, кыз балдардын  учурдагы абалы, кыял тилектери туурасында олуттуу ойлор катылган. Белгилүү себептерге байланыштуу  авторлор өз ысымдарын  купуя  бойдон калтырышкан»,- деп берилет билдирүүдө.

Төмөндө Асел атуу кыздын эжесине жазган каты жарыяланган.

«Каникулда барам деп жатып эле, кайра кетип калганыма таарынбачы, эжеке! Чыдай албай койдум. Түнкүсүн жездем ойлоду окшойт мени эч нерсе укпайт деп. Анын мас болуп алып, сени сөгүп, ата-энебизди кошо жамандап жатканын угуп эле жаттым. Балким атайын мени уксун дедиби? Билбейм. Күнүгө ушул экен. «Этти күйгүзө кууруптурсуң, эмдигиче тамак жасаганды билбейсиң, жетишпей жатсаң эмне кылайын? Элдин аялдарынын эри миграцияда 5-10 жылдап жүрүшөт. Жүдөбөй баланы карабайсыңбы? Экинчи телефонду карап, делдиреп отурсаң, мага таарынба, мойнуңду жулуп алам, эшек!» Ушунун баарын угуп, таягын жеп, ушунча жыл чыдаган сага таң калдым.

Эртең мененки беште башталган жумушуң эл уктаганча бүтпөйт экен. Сени менен сүйлөшүү үчүн ишиңди кошо жасашып, жардам берүү керек экен. Апасы бир жагынан чыгат экен, шерине беремин деп. Балаң ыйлап жатабы, өзүң ооруп жатасыңбы, баары бир экен… 3 күндө эле үй-бүлөлүк турмуштун жыргалын сездим. Тажап мен минтип жашагым келбейт. Сага деле башкача жашоону каалайм. 5 жылга жетпей оорукчан, жашоодон тажаган эч нерсеге кызыкпай калган жүдөгөн, чарчаган аял болгонуңду каалабайм. Бирок кантип жардам береримди да билбейм. Бир билгеним, жездемдин ичкилигин тыйыш керек. Жардам берсин. Кудагый да жардамдашсын. Унчукпай баарын өзүң кылып жүрө бербе. Сөккөнүнө да, какканына да көнбөгүлө. Көңүлүңдү көтөрүп, эс алып, адамча жаша. Мен сонун ырларды, клиптерди жөнөтүп турам, бир маал баарын таштап, ошолорду угуп, эс ал. Жайында айылга апамдарга чогуу баралы. Ошондо баланы биз багабыз. Доктурга барып, дарыланып, эс алып, айылда жыргайбыз. Ага чейин жакшы тургула. Сизди бек кучактап, Асел», — деп жазылат анын катында.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1430