7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Оренбург облусунун вице-губернатору кыргыз куткаруучуларын сыйлады

486

Россия Федерациясынын Оренбург облусунун вице-губернатору Сергей Балыкин Кыргызстандын атынан гуманитардык жардам жеткирип барган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине ыраазычылык кат тапшырды.

Сергей Балыкин эки өлкөнүн ортосундагы достук мамиленин тарыхына токтолуп, айрыкча кыргыз эли меймандос кыйынчылыкта жардамга кол сунууга дайым даяр турган чыныгы бир тууган, бекем кызматташтыктын үлгүсүн көрсөткөн эл катары баса белгиледи.

Мындан сырткары «Жардам кербенинин» экинчи бөлүгү барган облустун Орск шаарынын башчысынын атынан ыраазычылык кат ӨКМдин кызматкерлерине жана жүк ташуучу унаанын айдоочуларына тапшырылды.

Белгилей кетсек, Кыргызстан суу каптоодон жабыр тарткан Оренбург облусунун элине 350 тонна гуманитардык жардам көрсөттү. 20 унаадан турган «Жардам кербенин» өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жеткирди.

487