7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орокто айдоо жерди көрүстөн катары сатууга шектүү кармалды

254

Маркумду көмүүгө жай бөлүп берем деп, 40 миң сом алып жаткан жеринен Төмөнкү Орок айылынын 1957-жылы туулган тургуну кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

Бишкек шаарынын түштүк-батыш тарабындагы Төмөнкү Орок айылынын тоо бетинде жайгашкан айыл чарба багытындагы жер тилкени ошол Орок айылынын тургуну өзүм билемдик менен эч кандай уруксат кагаздары жок, жеке көрүстөн уюштуруп, маркумду көмүүгө жай бөлүп берем деп сатып жаткандыгы маалым болгон.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

 

255