Бүгүн, 10-сентябрь Ош аэропортунан жаш саясатчы Орозайым Нарматова күч түзүмдөрү тарабынан кармалды. Бул тууралуу анын партиялаштары жергиликтүү ММКларга кабарлагын.
Маалыматка ылайык ал УКМК тарабынан Оштон Россияга кетип жаткан учурда, таңкы саат 5:00тер чамасында кармалган. Бирок, УКМКнын маалымат кызматы саясатчы Нарматованы кармоого УКМКнын тиешеси жок экендигин айтты. Анда ким? ИИМ
Эске салсак 27 жаштагы Орозайым Нарматова өзүнүн саясий жолун учурдагы Президент Садыр Жапаров түптөгөн «Мекенчил» партиясында активист, колдоочу болуу менен баштаган. Кийинчерээк Жапаров абакта жатканда анын тарапташтарын акцияларга уюштуруп, китебин чыгарууга чоң салым кошкондордун бири.
Белгилей кетсек, Президенттин алгачкы колдоочулары интернет тармагындагы жаштар болгон, алар менен социалдык чөйрөдө тыгыз байланыш түзүп, Жапаров тууралуу пиар материалдарды байма-бай чыгарып турган топтун көрүнүктүү өкүлү Нарматова болчу.
Кийинчерээк, 2019- жылдын аягы 2020- жылдын башында аймактык жана Парламеттик шайлоого даярдык учурунда Нарматова «Бүтүн Кыргызстан» партиясына кошулуп, Парламент депутаттыгына талапкер болду. Анын «Мекенчил» партиясынан кетүүсүнө партиялаштар арасында түшүнбөстүк болгондугу, каржы менен байланышкан нааразычылыктар бар экендиги да айтылат.
Ал кезде Садыр Жапаровдун Президент болмок түгүл, абактан чыгаарына үмүт жок эле.
Бирок, 2020-жылдын Октябр айындагы козголоңдон кийин баары өзгөрүп, күтүүсүз бийлик алмашып, «Мекенчил» партиясы бийликке келди.
Октябрдагы шайлоодон кийин «Бүтүн Кыргызстан» адилеттик үчүн добушун тааныбагандыгы маанилүү болгондугуна азыркы бийлик анчейин көңүл деле бурган жок. Президенттик шайлоода Адахан Мадумаров Садыр Жапаровдун негизги атааңдаштарынын бирине айланды.
Ошол учурдан тарта, Жапаровду айга, күнгө алмаштырбай мактаган Нарматованын позициясы алмашты. Ал «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын активдүү мүчөсү катары, Адахан Мадумаровду колдоп, Жапаровдун кемчиликтерин ачууга, анын аракеттерин сындоого катуу киришти.
Коомчулукта «Жаш кызды УКМК эмне үчүн кармады?»-деген суроо турат. Ал чын эле Президент Жапаровду сындаганы үчүн кармалдыбы же сындоо учурунда ачуу менен айтылып кеткен, айрым оорунсуз сөздөргө жооп берүү үчүн кармалдыбы, азырынча расмий жооп бериле элек.
Белгилей кетсек ал учурда Москва шаарында жашайт. Айдын башында бир тууган агасы каза болуп, анын жасатын, туулган жери Ноокат районуна алып келишкен. 10-сентябрь кайра Москва шаарына туугандары менен учуп кетип жатканда, күч түзүмдөрү тарабынан кармалган.