Биринчи май РИИБнын кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 9-сентябрында пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаардык ШИИБ Биринчи май райондук ИИБ Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкери милициянын майору «Д.М.К.» кармалган. Ал алдамчылык кылды деп жоопко тартуу туралуу коркутуу менен, Чүй облусунун Аламүдүн районунун тургуну «А.Ш.А» аттуу жарандан улуттук элементтерден жасалган кымбат баалуу сувенир жана 500 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.
“КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмү (Пара талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, кармалган адам тиешелүү тергөө жана ыкчам иш-чараларды андан ары ишке ашыруу үчүн КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди”, — деп берилет маалыматта.