Бүгүн, 10-сентябрда Бишкек шаарында кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-кеңешмеси өтөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Facebook баракчасына жазды.
Анын айтымында, кечээ, 9-сентябрда «Манас» эл аралык аэропортунан Кыргызсстанга Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-кеңешмесине катышуу үчүн келген Түркиянын Вице-президенти Фуат Октайды тосуп алган.
«Кеңешме Бишкек шаарында 10-сентябрында болот, ошондой эле кыргыз-түрк бизнес-форуму өтөт. Эки тараптуу жолугушуулар, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу жана «Маариф» мектебинин ачылышы пландалууда», — деп жазган ал.