7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орозбек Молдалиев: Кайсы башка жерде карапайым адамдарга боор алмаштыруу операциялары бекер жасалат экен?

327

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев: 2024-жыл Кыргызстан үчүн жакшы жыл болду – Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата 100 ишкана-мекеме курабыз деген демилге менен өндүрүш ишканалары пайдаланууга берилип, көп жылдар бою айтылып келген темир жол салына баштады, башка жолдор да курулду, айлык менен пенсиялар өстү. Саламаттык сактоо тармагы дагы бир топ алдыга жылды жана муктаж карапайым адамдарга бөйрөк же боор алмаштыруу операциялары бекер жасала баштады, мен мурда уккан эмесмин – кайсы бир жерде андай трансплантация бекер жасалат экен дегенди.

Жылдын аягында министрлер кабинетинин төрагасы алмашты, бирок Акылбек Жапаров көптөгөн жакшы иштерди жасап, кийинки жетишкендиктерге негиз түзүп кетти десе болот жана жаңы өкмөт ал иштерди улантууга тийиш. Жогорку Кеңештин депутаттары жана жогорку бийлик дагы анын эмгегин жогору баалады. Анткен менен, салык менен бажы тармагында дайым маселе көп жана кандайдыр бир илинчек барбы, – аны текшерүү көрсөтөт, бирок, кандай болгон күндө дагы жалпы жетишкендиктер кемчиликтерден көп болгондой…

328