7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Орозо айына даярдыктар күчөтүлсүн». Ноокатта имамдарга Рамазан айына карата тапшырмалар берилди

791

Ош облусунун Ноокат районунун борбордук мечитинде 17 айыл өкмөттүн жооптуу имамдарына жыйын өттү. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Анда президенттин «Үй-бүлөлүк салтанат жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү» жөнүндөгү жарлыгын аткаруу, каттоодон өтө элек мечиттердин каттоо ишин тездетүү, Азирети Муфтий Замир кары Ракиевдин №65 буйругун ишке ашыруу багытында массалык ишембиликтерди уюштуруу, ошондой эле Рамазан айын жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча тапшырмалар берилди.

«Алдыбызда улуу Рамазан айы келе жатат. Ислам дүйнөсү чыдамсыздык менен күткөн ыйык орозо айына даярдыктар күчөтүлсүн. Ар бир мечитте хатым кылынсын», – деди  Ноокат районунун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

792