Токмокто милиция кызматкерлери христиан мүрзөлөрүндөгү темир тосмолорду уурдаган шектүүнү кармашты. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
«24-март күнү милицияга арыз менен жергиликтүү тургун кайрылган. Мүрзөдөгү темир тосмолорду, анын ичинде чоң атасынын мүрзөсүндөгү тосмолорду уурдап кеткен белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган», — деп айтылат маалыматта.
Кылмышка шектелип 20 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган. Ал бир катар уурулуктарды жасаганын мойнуна алган.