7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: Өзбекстан Кыргызстан үчүн ишенимдүү коңшу, өнөктөш жана бир тууган мамлекет

524

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулады.

«Өзбекстан Кыргызстан үчүн ишенимдүү кошуна, стратегиялык өнөктөш жана бир тууган мамлекет экенин баса белгилегим келет. Биз бир катар багыттар боюнча эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө умтулуудабыз. Өзбекстандын жетекчилигине Баткен облусунун Самаркандек жана Маргун айылдарындагы мектептердин курулушу, ошондой эле Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрынын имаратын реконструкция жүргүзүүсү үчүн ыраазычылык билдирем. Бир тууган өзбек тараптын бул чечимдери биздин элдерибиздин ортосундагы достук мамилелерди ачык-айкын тастыктап турат», — деди Акылбек Жапаров.

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов өз кезегинде жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, өлкөлөр ортосунда өнөр жай кызматташтыгы жигердүү өнүгүп жатканын, энергетика, транспорт, логистика тармагында олуттуу биргелешкен долбоорлор ишке ашырылып, ал эми долбоорлорду финансылык жактан колдоо үчүн Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фонду ишке киргизилгендигин кошумчалады.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун жана энергетика, айыл чарба, транспорт, чектеш соода жүгүртүү жаатындагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Тараптар Эркештам – Дароот-Коргон – Үч-Коргон автожолунун, Кызыл-Кыя шаарындагы чектеш соода логистикалык борборунун курулушун, ошондой эле биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун конкреттүү аспектилерин талкуулады, бул максатта Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун потенциалын колдонууга болот.

Жолугушуунун катышуучулары соода-экономикалык жана инвестициялык тармактарда эки тараптуу кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар жана даяр экендигин белгилешти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

525