Ысык-Ата районунда каракчылыкка шектүү 3 жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, ушул жылдын 24-март күнү Ысык-Ата РИИБине арыз менен 1959-жылы туулган Ф.В. аттуу жаран кайрылган. Анда ал ошол эле күнү болжол менен 21:30 чамасында беткапчан бейтааныш адамдар анын үйүнө кирип, тапанча менен коркутуп, баалуу буюмдарын жана акча каражатын алып кетүүгө аракет кылганынын жана эч нерсе таба албастан арыз ээсин ур-токмокко алып, белгисиз тарапка качып кетишкендигин билдирген.
Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, мурда соттолгон 1995-жылы туулган Ф.А., 1991-жылы туулагн М.Р., 1985-жылы туулган М.Н. аттуу жарандар кармалды.
Убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.