7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Орозо бүтсө, колу-бутуң сынат». Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды

662

Атайын операция учурунда жок кылынган кримтөбөл Камчыбек Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Алар Казакстандын жаранынан 60 миң сом карызды өндүрөбүз деп, кечиктиргени үчүн туум кошуп 250 миң сом беришин талап кылышкан.

Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунда (Опузалап пара талап кылуу) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, жыйынтыгында К.Э.Ж. талап кылынган сумманын 140 миң сом өлчөмүндөгү бөлүгүн алып жаткан учурда кармалган.

Жогорудагы адамдар жабырлануучунун BMW 530 үлгүсүндөгү унаасын да күрөө катары мыйзамсыз ээлеп алган. Кармалган жарандар Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иликтөө иш-чаралары уланууда.

УКМК уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан опузалап акча талап кылуу фактылары тууралуу маалыматы бар жарандарды 0312-66-04-75 телефон номурлары аркылуу тез арада билдирүүгө чакырат.

663