Орто-Токой ГЭСинин курулушу 80% бүттү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Алсак, учурда курулуш иштери жүрүп жаткан жана бүткөн жерлери:
• узундугу 950 метрди түзгөн деривациялык тоннелдин казуу иштери толугу менен аяктады;
• суу өткөрүүчү тоннелдин темир-бетон каптамасын бетондоо иштери жүргүзүлүүдө;
• тармакталуучу түйүндөгү камеранын дубалдарын жана грунтун даярдоо жана бекемдөө иштери аткарылууда;
• үч чыгуусу бар тоннелдик тармакты монтаждоого даярдык көрүлүүдө:анын ичиндеги бир чыгуусунда 93,6 метр, экинчисинде 74,4 метр металл конструкциялар орнотулуп, ширетилди.
Гидроэлектростанциянын имаратында курулуш иштеринин бир катар этаптары аяктады:
• ГЭС имаратынын курулуш иштери 90 пайызга аяктады;
• төмөнкү бьефтеги суу агызуучу каналдын затворлорун көтөрүүчү механизмдер үчүн колонналарды арматуралоо жана бетондоо иштери толугу менен бүткөрүлдү;
• чатырдын каркасын монтаждоо иштери аяктап, учурда чатыр жабуу иштери жүргүзүлүүдө;
• №№ 1, 2, 3 гидротурбиналардын жана дисктүү затворлордун монтаждоо иштери аяктады.
Эске салсак, Орто-Токой ГЭСинин кубатуулугу 21 МВт. Болжол менен курулуш иштери 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында аяктайт.



