7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
9°C

Орунбеков: «Баткендеги үйлөрдүн курулушу боюнча журналисттин айыптоолору чындыкка дал келбейт»

262

“Спутник” сайтынын журналисти Эламан Кармышаков “Кан төгүлгөн өрүкзардагы көмүскө кызыкчылыктар”-деген аталыштагы иликтөө жасаган. Анда, Баткендеги куралдуу кагылыштан жабыркаган турак жайларды куруп жаткан “Аманат курулуш инвест”-компаниясына 20 жаштагы студент ээлик кылат. Мамлекеттин миллиарддаган акчаны “аты жыты жок компанияга берген”, анын артында президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин кызыкчылыгы барбы деген маалымат тараткан. Натыйжада, коомчулукта Каныбек Туманбаевдин дарегине нааразычылыктар айтылып, аны Баткендеги курулуштан өзүнө пайда издеп жатабы деген пикир түзүлгөн. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков төмөндөгүлөрдү билдирди.

«Мындай жалган жана маалыматтык манипуляцияга аргументтер менен жооп берүүнү эп көрдүк. Журналист Эламан Кармышаковдун өзүн алып, Баткендеги курулуш жүрүп жаткан жерге келдик. Иш башкаруучу Каныбек Туманбаев, “Аманат курулуш инвест” компаниясынын жетекчиси Давид Камбаров иликтөөдөгү жалган маалыматтарды, айыптоолорду четке кагып, далилдеп беришти.

Кармышаковдун иликтөөсүндөгү “компанияга 20 жаштагы жаран ээлик кылат”-деген маалыматы жалган.

“Давид Камбаров Баткендеги курулуштар үчүн тендер жарыяланганда эле “Аманат курулуш инвест” компаниясына ээлик кылып калган”-деген маалыматы дагы чындыкка дал келбейт. Камбаров аталган компанияны 2022-жылдын 4-июнунда эле өткөрүп алган.

Бул туурасында далилдүү фактылар, документтер Эламан Кармышаковго көрсөтүлдү.

Журналисттик этиканы сактап, “Спутник” редакциясы, журналист Эламан Кармышаков мурда тараткан жалган маалыматтарын төгүндөп, коомчулуктуу дүрбөлөңгө салып, аты аталган жарандардын кадыр баркына шек келтиргени үчүн кечирим сурап коет деген үмүттөбүз», — деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

263