7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орунбеков: Кошалиевдин Элдик курултайдагы төрагалык милдети аяктаган

447

Кадыр Кошалиевдин мурдагы президент Курманбек Бакиевден алган маегинин тегерегинде бир топ талкуулар жүрүп жатат. Анын ичинде Кошалиевди Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасынан кетирүү талабын койгондор да бар. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков соцтармактагы баракчасына билдирди.

«Элдик курултай бекиткен регламенттин 25-пунктуна ылайык, төрага жана анын орун басарлары делегаттардын көпчүлүк добушу менен Элдик курултайдын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат. Демек, Элдик курултайдын өткөрүлгөн убактысынын бүтүшү менен алардын ыйгарым укуктары дагы аяктайт. Кийинки Элдик курултайда делегаттардын көпчүлүк добушу менен төрага, анын орун басарлары жана катчысы кайрадан дайындалат. Андыктан, Элдик курултайдын төрагасы ар бир кезектеги курултайда жаңылана тургандыгын эске алып, Кадыр Кошалиевдин тегерегиндеги талкууну саясатташтыруунун кереги жок деп эсептейбиз. Анын журналист катары мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиевден алган маектери өзүнүн тандоосу, кесиптик изденүүсү деп эсептейбиз» — деген Орунбеков, Кошалиевдин даярдаган маеги мамлекеттик маалымат каражаттарынан чагылдырылбаганын кошумчалады.

Буга чейин журналист Кадыр Кошалиевменен Курманбек Бакиев маектешкен видео жарыяланган. Депутат Эльвира Сурабалдиева «качкын президенттен маек алган Кадыр Кошалиевдин Курултайдын төрагасы болгонго укугу жок» деп айтып чыккан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

448