7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Кытай биргелешип сериал тартат

508

Кытай тараптын демилгеси менен «Жибек жолунун алыскы шамалы» жана «Бишкек сүйүүсү» аталыштагы биргелешкен сериалдар тартылат. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

«Жибек жолунун алыскы шамалы» сериалы 40 сериядан турат, бюджети 38 млн доллар. Тартуу иштери 2023-жылдын экинчи жарымында башталат. Съемкалар Кыргызстан боюнча, ошондой эле Казакстан жана Өзбекстанда да жүргүзүлөт.

Аталган сериалды КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кытайдын «Shaanxi Tianhan Shengdian Film Company Ltd.» кинокомпаниясы менен биргеликте тартат.

Ал эми «Бишкек сүйүүсү» аталыштагы экинчи сериал канча сериядан турары жана тартуу иштери качан башталары азырынча белгисиз. Долбоордун бюджети 25 млн доллар. Сериал Кытайдын «Beijing Zhongyi Boyue Culture Media Co.» кинокомпаниясы менен биргеликте тартылат.

Аталган эки кинокомпаниянын ортосундагы макулдашууларга президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

509