7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орунбеков: Кыргыз алфавити мурдагыдай эле 36 тамгадан турат жана өзгөрүүсүз калат

192

Кыргыз алфавитин өзгөртүү боюнча мамлекеттик демилге жок. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

«Акыркы күндөрү Улуттук илимдер академиясынын айрым окумуштуулары кыргыз тилиндеги «Э» жана «Е» тамгаларына байланыштуу өзүнүн жеке сунушун коомдук талкууга чыгарган экен. Социалдык тармактарда бул маселе боюнча ар кандай пикирлер айтылып, кызуу талкуу жүрүүдө. Белгилей кетүүчү жагдай, бул – жеке көз караш жана жеке демилге. Мамлекет тарабынан кыргыз алфавитин өзгөртүү боюнча эч кандай чечим да, демилге да көтөрүлгөн эмес. Кыргыз алфавити мурдагыдай эле 36 тамгадан турат жана өзгөрүүсүз калат. Мындай сунуштарды көтөрүп чыккандар, коомчулукта негизсиз талаш-тартыштарды жана нааразычылыкты жарата турган демилгелерди коомчулукка чыгарардан мурда анын зарылдыгын, кесепеттерин жана коомдук кызыкчылыкты кылдат таразалап чыгуу жоопкерчилиги бар экенин эске алсаңыздар!»-деп жазды Дайыр Орунбеков.

Маалыматка ылайык, кыргыз алфавити мурдагыдай эле 36 тамгадан турат жана өзгөрүүсүз калат.

 

193