7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көл менен Кара-Кулжада сел жүрүп, ондогон адам эвакуацияланды

186

Түндө Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда жана Ош облусунун Кара-Кулжа районунда сел жүрүп, турак үйлөрдү жана жолдорду суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, Чолпон-Ата шаарындагы эс алуу жайларынын биринен коопсуздук максатында 24 адам эвакуацияланды. Ошондой эле бир нече турак үйдүн жер төлөлөрүн жана конок үйдүн короосун суу каптап, куткаруучулар мотопомпанын жардамы менен сууну сордуруп чыгышты.
Мындан тышкары, Тору-Айгыр, Чок-Тал жана Чоң-Сары-Ой айылдарында суунун деңгээли көтөрүлүп, турак үйлөрдүн короолору менен көчөлөрдү суу басты.

Ал эми Кара-Кулжа районунун Терек айылында сел суусу 50 үйдүн короосуна, анын ичинде 15 үйдүн ичине кирген. Ошондой эле беш чакырым жолду суу каптап, унаалардын кыймылы убактылуу токтотулду.
Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары селдин кесепеттерин жоюу жана аймактарды тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат.

187