7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орунбеков: Түндүк-Түштүк альтернативдик жолундагы мүчүлүштүктөрдөн улам жол 5 айга жабылат…

5

“Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушунун жүрүшү менен жерине барып таанышып келдик”, — дейт Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков фейсбук баракчасында.

Анын айтымында, бул жолдун курулушуна старт берилгенде долбоор шашылыш кабыл алынып, чийки болуп калган.

(Текст өзгөртүүсүз берилди)

Көпчүлүк тилкелерде таштар кулап, кар көчкү жана күрткүлөр басып калган кооптуу аймактары бар экен. Жолду коопсуз кылуу үчүн кошумча курулмалардын курулушу жүрүп жатат, аны менен катар улам тоо көчүп, таш кулаган тилкелерди тазалоо иштери убара кылууда.

Бул жол — 2014-жылы Кытайдан жана башка донорлордон (АБР, ИБР) алынган насыя менен башталган. Курулушка старт берилгенде долбоору шашылыш кабыл алынып, чийки болуп калган. Себеби, насыяга алынган 1 млрд долларга жакын акча каражатын эртерээк пайдаланалы деген кызыкдар топтор болгон. Себеби, миллиарддаган акча бар долбоорго көз арткандар четтен чыккан. Жарымын жолго жумшамыш болуп, жарымын уурдашкан.

Ошентип, алынган насыянын жарымы эле ошол кездеги жетекчилер менен жооптуу адамдар тарабынан сол чөнтөккө солонуп кеткен.

Каражат максаттуу жумшалбай, жумуш сапатсыз жүргөн. Анын кесепетинен жолдун коопсуздугун камсыздоо маселеси ушул убакытка чейин чечилбей, көйгөй болуп келе жатат. Бүгүнкү күндө мамлекет миллиарддаган сомдорду кошумча жумшап, кемчиликтерди жоюп, жолдун бүтпөгөн жерлерин бүткөрүүдө.

Ал эми элдин талабы жолду тезирээк бүткөрүп, ишке киргизүү. Бирок толук бүтпөгөн тилкелер жүргүнчүлөр үчүн опурталдуу, кооптуу бойдон калууда. Ага карабай жүргүнчүлөр посттордо турган күзөтчүлөргө сүйлөшүп, пара берип өтүп кетип жаткан фактылар бар.

Элдин талабын жана суранычын эске алуу менен, ушул жылдын июнь айынан ноябрь айына чейин жолду убактылуу ачуу чечими кабыл алынды. Бирок, мурдатан бери келе жаткан айрым тилкелерде таш кулоо, тоо көчүп кетүү тобокелчиликтери адам өмүрүнө коркунуч алып келет. Кудай анын бетин ары кылсын. Кеч күздө ноябрь айынан баштап 2027-жылдын май айына чейин жол кайра жабылат.

Жолдун курулушунун аякташы, жүргүнчүлөр үчүн коопсуздукту камсыздоо маселеси 2028-жылы аяктайт. Ага чейин кемчиликтери жоюлуп, кооптуу аймактар жасалат. Убагында уурдалган каражаттар боюнча кылмыш иши козголгон, сот иштери жүрүп жатат.

6