7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Болот Темировдун шериктери күнөөсүн мойнуна алып, аны менен иштөөдөн баш тартты

521

Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына Болот Темировдун Батыштагы өнөктөштөрү бөлгөн гранттардын эсебинен балдар-кыздарды каржылап, аларга акча төлөп, жалган иликтөөлөрдү жасатып, атайын заказ менен иштетип жүргөнү аныкталганын жазды.

Анын айтымында, алардын ар бирине ай сайын 500–800 доллардан акы төлөп турган. Белгиленгендей, алар жабылып калган Клооп сайтынын кызматкерлери болуп эсептелет.

Алар:

  • А.Эркебаева (1999-жылы туулган);
  • З.Сыдыгалиева (2000-жылы туулган);
  • Ж.Дуулатов (2002-жылы туулган);
  • А.Александров (1997-жылы туулган);
  • З.Болот кызы (1999-жылы туулган).

«Учурда булар өздөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерин жана Темировдун мыйзамсыз көрсөтмөлөрүн аткарып жүргөнүн моюндап, Темиров менен кызматташуудан баш тартты. Алар жалган билдирүүлөрдү жасап, мамлекетке каршы багытталган атайын заказдарды аткарып келишкенин айтып беришкен»,-деди ал.

Ал ошондой эле бул фактылар массалык маалымат каражаттарынын жана гранттык ишмердүүлүккө жамынып өлкөнүн ички иштерине кийлигишкенин тастыктаарын белгиледи.

 

522