7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орунбеков: Жалаа жабуу жана мазактоо үчүн жоопкерчилик каралат

149

Кыргызстанда жалаа жабуу жана мазактоо үчүн жоопкерчилик каралат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармакка жазды.

Ал белгилегендей, бүгүн президент Садыр Жапаров “Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул мыйзам 2024-жылдын 19-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Эмне өзгөрдү?

Интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жалаа жабуу жана мазактоо үчүн жоопкерчилик киргизилди.

Айып пул өлчөмү:

-жеке жактарга – 200 эсептик көрсөткүч (20 000 сом);
-юридикалык жактарга – 650 эсептик көрсөткүч (65 000 сом);

Белгиленгендей, мыйзамдын негизинде укук бузуу фактыларын ички иштер органдары тергеп, ишти соттор карайт.

Эмне үчүн бул маанилүү?

Акыркы убакта адамдардын кадыр-баркын тебелөө, жалган маалымат таратуу жана мазактоо кеңири жайылып, интернет айдыңында жоопкерчиликсиз мамиле күчөп кеткен. Бул өзгөртүүлөр ар бир жарандын абийирин коргоого, маалыматтык коопсуздукту камсыздоого жана адеп-ахлакты сактоого багытталган.

«Ар бир адам интернетте дагы жоопкерчилик менен сүйлөп, башкалардын укугун сыйлоосу керек», — деп жазды ал.

150