7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Милициянын ыкчам кызматкерлери жана жетекчиси опузалап пара алып кармалды

541

Опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын ыкчам кызматкерлери жана жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

29-январда ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте, 2000 АКШ доллары өлчөмүндө опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын ыкчам кызматкерлери Т.У.Ш., Б.А.О., ошондой эле аталган инспекциянын башчысы Ч.Т.Т. кармалды.

Тергөө көрсөткөндөй, жогорудагы кызматкерлердин жасалма негизде кылмыш жоопкерчилигине тартуу аркылуу коркутуу менен кыздардан акча талап кылууга түздөн-түз тиешеси бар экени аныкталган.

Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

542