7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөт башчылары жолукту. Талкууланган маселелер

127

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстанга жасаган иш сапарынын жүрүшүндө Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту.

Жолугушуу Алматы шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынынын алкагында өттү.

Адылбек Касымалиев Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактарда мамлекеттер аралык байланыштардын ырааттуу өнүгүүсүнүн жогорку динамикасын баса белгиледи. Ал ошондой эле кызматташтыктын экономикалык багытында өз ара сооданын туруктуу өсүшү, товарлардын номенклатурасы кеңейип, экспорт менен импорттун көлөмү көбөйүп жатканын белгиледи.

Касымалиев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жылуу куттуктоосун жана жакшы каалоо-тилектерин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевге жеткирип, бүгүнкү күндө мамлекет башчыларынын бекем саясий эркинин аркасында кыргыз-өзбек мамилелери эки өлкөнүн боордош элдеринин түпкү жана узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына толук жооп берээрин кошумчалады.

Өз кезегинде Абдулла Арипов КР Министрлер кабинетинин төрагасы кызматына дайындалышы менен куттуктап, жооптуу мамлекеттик кызматта мындан аркы ийгиликтерди каалады. Абдулла Арипов Өзбекстанга келип, 4-Ташкент инвестициялык форумуна катышууга чакырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана транспорттук-логистикалык өз-ара аракеттешүүнү бекемдөө маселелерин талкуулашты.

Суу-энергетикалык өнөктөштүк, өнөр жай кооперациясы жана гуманитардык байланыштарды кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Эки өлкөнүн өкмөт башчылары туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоого жана Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы достук байланыштарды чыңдоого багытталган кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

128