7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орунбеков Жалал-Абадда судьялардын кармалышы боюнча түшүндүрмө берди

426

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Жалал-Абадда үч судьянын кармалышы боюнча түшүндүрмө берди.

Орунбековдун айтымында, алар оор кылмышка шектүүнү мыйзамдарды бузуу менен үй камагына чыгарган деп шектелүүдө.

«Кыргызстандык бир жаран маң затын, тагыраагы героинди ташып баратканда укук коргоо органдары тарабынан кармалган. Үч судья камакка алынган жарандын баш коргоо чарасын карап, аны үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алышкан. Кылмышка шектүү үй камагына чыгары менен чет өлкөгө качып кеткен. Судьялардын жогоруда белгиленген чечимди кабыл алуусунда ири суммадагы акча каражаты — пара роль ойногон деп айтууга толук негиз бар. Окуянын толук чоо-жайы тергөө амалдарынын жүрүшүндө аныкталмакчы», — деп жазды ал.

 

 

427