7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орусия: Аймакты бошотуп, Казакстаныңарды Америкага барып куруп алгыла!

162

Казакстандыктар орусиялык депутаттарды элден кечирим суроону талап кылышууда. Буга орусиялык депутат Вячеслав Никоновдун биринчи каналдагы сүйлөгөн сөзү түрткү болгон. Анда ал Казакстандын суверендүүлүгүнө шек келтирген.


Орусиялык депутат Вячеслав Никонов: «Казакстан жок болчу, ал эми түндүк Казакстан таптакыр отурукташкан эмес. Ооба, алар бар болчу, бирок түштүк тарапта гана. Казакстандын аймагы Россия жана Советтер Союзу тарабынан берилген эң чоң белек», — деп айткан.

Андан соң депутат Евгений Федоров кесиптешинин айткан сөзүн колдоп, «Бул жагдайда Казахстан аймагын Советтер союзунан конкреттүү көлөмдө ижарага алган. Балким анын аймагынын 100 пайызын, бирок бул процесстин деталдары. Кааласаңар, кеткиле, жолдош Назарбаев, Токаев, Тышкы иштер министрлиги. Макул, чемоданыңарды алып, территорияны, Верный шаарын (Алматы) жана башка нерселерди берип чыгып кеткиле. Аймакты бошоткула жана Казахстаныңарды Америкага барып куруп алгыла. Алар айтат: «А биздин аймагыбыз жок кайда барабыз?», — деп. А биздин кандай тиешебиз бар? Силер бизден көз боёмочулук кылып батир ижарага алгансыңар. Эми биз менен урушууну чечтиңер. Биздин батирден чыгып кеткиле», — деген.


Казакстандан чыккан россиялык депутат Владимир Жириновский дагы четте карап тура алган жок. Ал дагы Казахстандын аймагы тууралуу ооз ачты.


«Казакстан жок болчу». Ооба, ал баарын туура айткан. Ал жерде Россия — Уральск, Семей, Петропавловск бар. Казакстандын кандай тиешеси бар? Казак уруулары Орто Азияда көчүп жүрүшкөн. Жана ал жерде кыргыздар, казактар, каракалпактар, туран-муранийлер жана башкалардын бардыгы чаташып кеткен. Бирок чек арасы, өкмөтү бар мамлекет болгон эмес. Мунун баары Совет бийлиги тарабынан жасалма жол менен түзүлгөн», — деп балп этти.


Мындай пикирлер казак элинин кыжырын кайнатып, социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратып, ал тургай депутаттарынын жооп берүүсүнө мажбур кылды. Алар Казакстандагы орусиялык маалымат каражаттарына тыюу салууну, Жириновский менен Никоновду «персона нон грата» кылып, Евразия Экономикалык Бирлигинен чыгарууну талап кылышууда.


Ал арада казакстандык депутат Галина Баймаханова «ит үрө берет, кербен жүрө берет» деген пикирин билдирди.


«Дүйнө жүзүндө акмактар ​​көп, ошондой эле бардык деңгээлдеги депутаттар дагы бар. Андыктан келгиле бул теманы жабалы», — дейт ал.


Ал эми дагы бир казакстан парламентинин депутаты Омархан Оксикбаев, Россия мындай кадамга Казахстанды кармап калуу үчүн барды деп эсептейт.

«Алар бизди баш ийдирүү үчүн атайылап мындай кадамга барып жатышат. Алар боордош Украинаны жоготушту, кийинки кезекте Беларусия. Эгер бизден дагы кол жуушса Россиянын чек арасы жылаңач калат. Ошондуктан бул бизди «жерди алып алабыз» деп коркутуп кармап калуунун бир жолу», — деген.


Депутат Вячеслав Никоновдун билдирүүсү 11-декабрда болгон. Ал эми Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев 14-декабрь Казакстандын Көзкарандысыз күнүнө карата элди куттуктап, сөз сүйлөгөн. Анда ал: «Биз Үстүрттүн жана эски Каспий, Сыр жана Иртыш деңиздеринин жээктерин ээлеген чексиз талаалардын мыйзамдуу мурасчыларыбыз. Бул биздин ата-бабаларыбыздан калган мурас. Биз муну эч качан унутпашыбыз керек. Эгемендүүлүгүбүздү бекемдөө, өлкөбүздүн жаркын келечегине кызмат кылуу үчүн ата-бабаларыбыз бизге калтырган ыйык жерибизди баарыбыз коргошубуз керек», — дейт ал өз сөзүндө.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги мындай пикир келишпестиктен соң Орусияга нааразычылык нотасын жөнөттү. Орусия депутаттарын кечирим суратабы же кайрадан үстөмдүк кылабы азырынча белгисиз.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

163