7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орусия мыйзамсыз жүргөн мигранттардын мөөнөтүн узартмай болду

935

Орусиянын Ички иштер министрлиги мыйзамсыз жүргөн мигранттардын өлкө аймагында калуу мөөнөтүн узартып берет. Бул тууралуу Орусиянын ИИМине таянып, орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн аймагында калуу мөөнөтүн узартуу үчүн чет жактан барган жарандар ИИМге, укук коргоо органдарына же элчиликтерге кайрылышы керек. Алар мигрантка жана үй-бүлөсүнө тиешелүү документтерин бүтүргөнгө жардам беришет.

«Бул өлкөнүн  экономикалык тармактарында жумушчу күчтүн жетишсиздиги менен байланыштуу. Ошого карап чет элдик жарандарды курулуш, турак жай-коммуналдык чарба жана айыл чарбасында иштөөгө мыйзамдуу түрдө тартуу аракети болуп жатат. Өлкө президентинин 18-апрелиндеги жарлыгына ылайык, мигранттар өлкө аймагына келүү мыйзамын бузган учурда аларга санкцияларды колдонбостон, укуктук абалын жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү берилет», — деп айтылат маалыматта.

 Июндун ортосуна чейин Орусияда мыйзамсыз жүргөн мигранттарды күч менен чыгарууга мораторий киргизилери жана мигранттар 15-июнга чейин өз ыктыяры менен чыгып кетсе, эч кандай жазага тартылбаары айтылган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

936