7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ТИМ эмгек миграциясы боюнча меморандумду тездетүүнү макулдашты

541

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Япониянын Кыргызстандагы элчиси Сигэки Маэда жана Эл аралык Кызматташтык Агенттигинин (JICA) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Немото Наоюки менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуу 21-апрелде өтүп, эки тараптуу мамилелерди, анын ичинде инвестициялык кызматташуу жаатындагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары тереңдетүүнүн маанилүүлүгү өзгөчө белгиленди.

Тышкы саясат мекемесинин башчысы Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин Кыргыз Республикасындагы маанилүү социалдык-экономикалык долбоорлорду жүзөгө ашырууга багытталган жигердүү ишин белгилеп, ишке ашырылып жаткан мындай ийгиликтүү долбоорлордун бири “Бир айыл — бир продукт» долбоору экендигин эскертти. Ошондой эле, Садыр Жапаровдун «Менчикти коргоо жана ишкерлерди жана инвесторлорду колдоо жөнүндө» жарлыгы боюнча мааалымат берилди.
Япония менен ишкер байланыштарын, анын ичинде Тышкы сооданы өнүктүрүү боюнча Япония уюмунун (JETRO) тармагын колдонуу менен кеңейтүү боюнча конкреттүү сунуштар айтылды.

Ошондой эле Япониянын бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен конструктивдүү диалогу болуп, анын жүрүшүндө инвестицияларды тартуу, Кыргызстандын айыл чарба продукциясын Японияга жайылтуу, IT-технологияларын өнүктүрүү, кыргыз жарандарын Японияда жумушка орноштуруу, эки тараптуу келишимдерди түзүү, бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу жана жеңилдетилген шарттарды түзүү маселелери талкууланды.

Иш-чаранын жыйынтыгында, тараптар жемиштүү кызматташууну улантуу, эки өлкөнүн ортосундагы инвестицияларды кубаттоо жана өз ара коргоо боюнча макулдашууну, ошондой эле эмгек миграциясы жаатындагы меморандумду иштеп чыгууну тездетүү боюнча макулдашууга жетишишти.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

542