7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош: Шайлоонун жыйынтыгына макул эмес партиялар кайрадан митингке топтолууда

734

Кече, 21-апрель Ош аймактык шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу шайлоонун жыйынтыгын чыгарды.  АШК жумушчу тобунун жетекчиси Рысбек Нурдинов  Ош шаардык кеңешинде өткөн шайлоодон бир дагы партияны четтетүүгө жетиштүү далилдер жок деген маалыматын айткан.

Бирок, бүгүн 22-апрель күндүн биринчи жарымында  «Улуттар биримдиги партиясы» маалымат жыйын өткөрүп, шайлоонун жыйынтыгына нааразычылыгын билдирген.

Түштөн кийин, калган 7 партия, башкача айтканда «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан башкасы борбордук аянтка топтолуп, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышууда.

Белгилей кетсек Ош шаардык кеңешине жалпы 9 партия ат салышкан.

АШКнын маалыматында, шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча 105 арыз катталып, эки талапкер шайлоодон четтетилген.

Буга чейин Ош шаардык кеңешине шайлоого катышкан алты партиянын өкүлдөрү президент Садыр Жапаровго кайрылып, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовду шайлоодогу мыйзам бузууга тиешеси бар экенин айтып, аны кызматтан четтетүүнү жана иш-аракеттерине юридикалык баа берилиши керектигин талап кылышкан.

Анткени Ош шаардык мэриясы партиялардын айрым талапкерлерине карата куугунтуктар, мыйзамсыз жумуштан бошотуулар, жер-жерлердеги аймактык башкармалыктар, кварталдык комитеттер тарабынан кысымдар, шайлоочуларга карата басымдар жана коркутуулар сыяктуу админстративдик ресурс орун алгандыгын кошумчалашкан.

Мыйзам бузууларга каршы чараларды көрбөгөндүгү үчүн Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Акылбек Мамасейитовду да кызмат орундунан четтетип, жоопкерчилигин кароону талап кылышкан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

735