7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орусияда үйдөн чыккан өрт 2 жана 3 жаштагы баланын өмүрүн алды

726

Орусиянын Омск шаарында үйдөн өрт чыгып, эки бала каза болду. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, апасы түнү менен спирт ичимдиктерин ичип, тамеки чегип жатып уктап калган. Үйдө 2 жаштагы кызы жана 3 жаштагы баласы болгон.

Үй өрттөнүп жаткан учурда апасы ойгонуп кетип жардам чакыруу үчүн сыртка чыккан. Бирок өрт күчөп кеткендиктен кайра үйгө кирип, балдарын сактап кала алган эмес.

«Шектүү күнөөсүн мойнуна алган. Ал Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 109-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык (Байкабастыктан эки адамдын өлүмүнө алып келүү) кылмыш иши козголуп, ал төрт жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн»,-деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

727