7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК 9-майга карата кастыкты козуткан аскердик формалар боюнча комментарий берди

1044

Социалдык тармактарда 9-май Улуу Ата-Мекендик жеңиш күнүнө карата костюмдарды ижарага берүү мекемелери “Z” символикасы бар аскердик кийимдердин жана костюмдардын жарнамаларын таратып, коомчулукта кызуу талкуу жаратып жаткандыгына байланыштуу УКМК төмөнкүлөрдү билдирет.

«Мекемелерди улуттар аралык кастыкты козутууга байланыштуу “Z” символикасы бар аскердик кийимдерди ижарага бербөөгө жана шаар тургундарын 9-май Улуу Ата-Мекендик жеңиш күнүнө карата өтө турган “Өлбөс полк” жүрүшүнө аталган аскердик кийимдерди кийип чыкпоого чакырат»,- деп берилет билдирүүдө.

УКМК Улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган аракеттерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралганын эскертип кетет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1045