7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орусияда Кыргыз кызын бычактаганга шектелген жаран кармалды

233

Орусияда Кыргыз кызын бычактаганга шектелген жаран кармалды. Шектүү 23 жаштагы Кыргыз жараны дешет ИИМдин басма сөз кызматынан.

«Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө 5-февралда шектүү жаран кармалып, полиция бөлүмүнө жеткирилди. Ал 23 жаштагы И.Р. аттуу Кыргыз жараны экени аныкталды. Шектүү делген жаран өз көрсөтмөсүндө жасаган кылмышын моюнуна алып, бул ишке кызганычтан улам барганын айткан.

Учурда бардык тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө»,  дешти министрликтин басма сөз кызматынан.

Кечээ, 4-февралда социалдык тармакка жарадар болуп жаткан кыздын сүрөтү жарыяланып, анын каза болгону айтылган. Андагы маалымат боюнча, окуя Орусияда орун алган. Интернет желесине тарап жаткан сүрөт жана маалымат боюнча Ички иштер министрлиги билдирүү жасап, жабырлануучу каза болбогонун, ал ооруканада жатканын кабарлашкан. Ошондой эле кылмышка шектүүнү аныктоо жана кармоо иштери жүргүзүлүп жатканын айтышкан.

Ал эми Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан жабырлануучуга операция жасалганын, анын жанында ата-энеси бар экенин билдирген.  

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

234