7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орусияда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналган медаль чыкты. Кимдерге берилет?

101

Россияда улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовго арналган уникалдуу эстелик медаль жасалганын «Российская газета» басылмасы кабарлады.

Медаль «Дубровин» куюу үйүндө 999-сыноодогу таза күмүштөн жасалган. Медалдын бет тарабында Чыңгыз Айтматовдун профили жана анын белгилүү «Кылым карытар бир күн» романынын аталышы чегилген.

21 нускадан турган алгачкы партиясы Чыңгыз Айтматов фондусуна өткөрүлүп берилди. Белгиленгендей, бул медалдар маданият, искусство жана коомдук турмуштагы белгилүү инсандарга тапшырылат.

Алгачкы медалдарды «Российская газета» басылмасынын Борбор Азиядагы өкүлчүлүгү, Бишкектеги Орус үйүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев жана Кыргыз-Россия Славян университетинин ректору Сергей Волков алышты.

Мындан тышкары, Москва шаарында Чыңгыз Айтматов фондусунун Россиядагы филиалынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Иш-чаранын алкагында күмүш медалдар режиссёрлор Андрей Кончаловскийге жана Никита Михалковго, киносынчы Андрей Золотовго, актриса Наталия Аринбасаровага, ошондой эле КРнын Россиядагы элчиси Кубанычбек Боконтаевге дипломатиялык өкүлчүлүктүн музейинин коллекциясы үчүн тапшырылды.

102