7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орусиядагы жол кырсыгы боюнча элчиликтин маалыматы

1592

  Ульяновск областынын Николаевск районундагы Прасковьино жана Новопасское айылдарынын ортосундагы М-5 «Урал» автожолунда жол кырсыгы болгондугу тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган маалыматка байланыштуу төмөнкүнү маалымдайбыз.

Алдын ала маалымат боюнча, окуянын кесепетинен 16 адам каза болгон, анын ичинен 14ү Кыргыз Республикасынын жараны, үчөөнүн жарандыгы такталып жатат, алар медициналык мекемеге жаткырылган.

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин консулдук бөлүмүнүн кызматкерлери консулдук-укуктук жардам көрсөтүү максатында окуя болгон жерге барышкан.

Жогорудагы окуянын бардык жагдайларын тактоо максатында Ульянов районунун укук коргоо жана компетенттүү органдарынын өкүлдөрү менен байланыш түзүлдү.

Элчилик каза болгон жана жабыркаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жакын туугандары үчүн +7 (926) 861 50 98 ишеним телефонун уюштурду.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде да +996 551 312-000 түз байланыш телефону ачылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1593