7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орусиядан сатып алынган МИ-17 тик учагы Кыргызстанга жеткирилди

681

Бүгүн, 23-июнда Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо базасында Коргоо министрлиги менен Россия Федерациясынын «Рособронэкспорт» АКнун ортосундагы түзүлгөн контракттын негизинде МИ-17 тик учагын өткөрүп берүү аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага коргоо министри генерал-лейтенант Б. Бекболотов, «Рособронэкспорт» АК, Казань тик учак заводунун өкүлдөрү, ошондой эле КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн командачылыгы жана өздүк курамы катышты.

Аземдин жүрүшүндө коргоо ведомствосунун башчысы генерал-лейтенант Б. Бекболотов “Көп максаттуу Ми-17 тик учагы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн алдында коюлган тапшырмаларды аткарууга бир нече мүмкүнчүлүгүн жогорулатат”,- деп белгилеп кетти.

Учуучу техника Кыргызстанга Ил-76 самолету менен жеткирилип, Казань тик учак заводунун өкүлдөрү тарабынан чогултулуп, учкуч-сыноочулар сыноочу учууларды өткөрүшкөн.

Белгилей кетсек, аталган техниканы сатып алуу үчүн акча каражаты республикалык бюджеттен бөлүнгөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

682