7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орусиядан Түркияга аба каттамдар жанданды

787

12-апрелде Орусия COVID-19дун жайылышына байланыштуу Түркияга туруктуу жана чартердик учууларды убактылуу токтоткон. Эки айлык тыныгуудан кийин рейстер 21-июнда жанданды.

Маалыматка ылайык, эртең менен Москвадан Анталияга алгачкы туристтер учуп келди. Бир күндө 44 учак Жер ортолук деңизинин боюндагы бул курортко 12 миң жүргүнчүнү ташып келери пландалууда.

Түркия өткөн аптада бир күндө 1 миллион доза вакцина сайды. Вирусту жугузуп алгандар жаз айларына караганда эселеп төмөндөдү.

Ошол эле маалда Орусияда тескерисинче, эпидемиологиялык кырдаал курч. Акыркы жумада күнүнө коронавирустун тогуз миңдей жаңы учуру катталууда. Борбор шаарда жана бир нече региондо айрым тармактарда иштегендерди милдеттүү эмдөө киргизилди. Жаңы чектөөлөр 28-июнга чейин узартылды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

788