7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жакыр өлкөлөрдө вакциналар түгөнө баштаганын эскертти

444

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жакыр өлкөлөрдө коронавируска каршы эмдөөнү улантуу үчүн жетишээрлик деңгээлде вакцина жок экенин белгиледи. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

«Вакцинанын жетишсиздиги Африка өлкөлөрүндөгү вирустун үчүнчү толкунунан улам келип чыкты. Түштүк Африка мамлекетинин призиденти Сирил Рамафоса бай өлкөлөрдү вакцинаны топтоп албоого чыкырды. Анын айтымында, Африкага 40 миллион гана доза вакцина берилген. Бул жетишсиз. Мындан улам маселени чечүү үчүн өкмөт аймактык вакцина чыгаруу борборун куруунун үстүндө иштеп жатат. Буга чейин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору орто делинген мамлекеттер эмдөө албай жатканын билдирип, дүйнө бай жана кедей өлкөлөргө вакцинаны тең бөлүштүрө албай калуу коркунучунан улам моралдык катастрофа чегинде турганын билдирген. Аталган уюм өлкөлөргө вакцинага жана дарыга болгон патенттен баш тартууну сунуштады. Анткени ал башка муктаж өлкөлөргө дары-дармектин жетишин камсыздайт», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, уюмдун башкы кеңешчиси Брюс Эйлворд бүткүл дүйнөлүк COVAX демилгеси бардык өлкөлөргө вакцинаны бирдей жеткирүүгө багытталгандыгын жана 131 өлкөгө 90 миллион доза жеткиргендигин айткан. Айтымында, бул доза калкты илдеттен коргоого жетпейт.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

445