Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети «Жол тармагынын иштөөсүнүн каржылык негиздерин бекемдөө маселелери боюнча КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (Кыргыз Республикасынын Бюджеттик жана Салык кодекстерине) жана «Кыргыз Республикасынын «Жол фонду жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Демилгечилер – депутаттар Н.К.Алимбеков, У.З.Ормонов, А.А.Карашев, А.У.Жапаров, С.С.Анарбаев..
Демилгечилердин бири Нурбек Алимбековдун айтымында, өлкө аймагындагы жолдордун абалын эске алуу менен, депутаттар тобу Жол фондун түзүү демилгесин көтөрүүдө. Ал үчүн КР Бюджет жана Салык кодекстерине өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Жол фондуна төлөмдөрдүн тарифи кийинчерээк аныкталмакчы. Мыйзам кабыл алынып калса, Жол фонду 2023-жылдан тарта иштей баштайт.
Транспорт жана жол министри Гүлмира Абдралиеванын айтымында, Кыргызстандын жалпы тышкы карызынын 2 млрд доллары жол тармагына тийиштүү. Жол фонду ачылса анда жылына 3 млрд сомго жакын каражаттын топтолуусу болжолдонууда.
Депутат Рыскелди Момбековдун пикиринде, бул мыйзам кабыл алынып калса, кайрадан эле карапайым калкка оорчулук келет. Ал демилгечилерден, фонддун акчасы кайдан келет деп суроо койду.
«Күйүүчү май ансыз деле кымбаттап кетти, анын пайдасын кимдер көрүп жатканын билесиздер. Фондго силер айдоочулардын эсебинен чогултуу ниетиңер бар. Мындай болбойт, мыйзам долбоорун четке кагыш керек», — дейт Момбеков.
Ал эми депутат Шералы Абдылдаев жолду мамлекеттик бюджеттен эле каржыласа болорун айтса, депутат Шайлообек Атазов Жол фонду коррупциялык долбоор экенин баса белгиледи.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Депутат Улугбек Ормонов өлкө аймагындагы жолдордун акыбалы өтө начар экенин эске салып, азыр Жол фондун түзбөсөк, жакынкы жылдарды жолду таптакыр жоготуп алышыбыз мүмкүн экенин айтты.
«Рыскелди Момбеков өзүнүн сөзүнө-өзү каршы болуп жатат. Кытай эле саба береби дейт, ошо өзүбүз фонд түзүп, өзүбүз салалы деп жатпайбызбы«, -дейт Ормонов.
Белгилей кетсек, жол тармагына мамлекеттик бюджеттен жылына 2 млрд сомдон кем эмес каражат каралыш керек болсо, бюджеттин тартыштыгынан улам, 600 млн сом гана бөлүнүп келген, ал жолдун жыртыгын жамоого да жетпейт.