7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орусиянын аймагына кирүүдө жаңы мыйзамдар күчүнө кирди

1781

КРнын Ички иштер министрлиги Орусия Федерациясына ишке орношуу максатында келген Кыргызстандын жарандарына 2021-жылдын 1-июлундагы №274-ФЗ Россиянын «Россиядагы чет элдик жарандардын укуктук абалы жөнүндөгү» жана «Россиядагы мамлекеттик дактилоскопиялык каттоо жөнүндөгү» мыйзамдары күчүнө киргендигин маалымдайт. Бул тууралуу ИИМден билдирди.

Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары төмөнкүлөргө милдеттүү:

— Россия Федерациясына кирген күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде бир жолу манжа изин мамлекеттик каттоодон жана сүрөткө түшүүдөн өтүүгө;

— Россияга барганда 30 күн аралыгында баңгизат же дарыгердин көрсөтмөсү жок психотроптук каражаттарды колдонбойбу, жугуштуу жана ВИЧтен улам пайда болуучу оорулар бар же жок экенин аныктоо үчүн медициналык кароодон өтүшү керек;

— медициналык документтердин мөөнөтү аяктагандан кийин 30 күндүн аралыгында ИИМдин аймактык бөлүмүнө жаңыртылган медициналык документтерди көрсөтүп туруу керек.

Эгерде кыргызстандыктар бул талаптарды аткарбаса, алардын Орусиянын аймагында жүрүү мөөнөтү кыскарат.

Ушуга байланыштуу, Ички иштер министрлиги Орусия Федерациясынын аймагына бара жаткан мекендештерге жогоруда аталган Федералдык Мыйзам менен таанышууну жана жаңы талаптарды сактоону сунуштайт.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1782