7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орусиянын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн кыргызстандыкка сот өкүмү чыкты

258

Тюмень шаарынын Калинин райондук соту, Орусиянын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн кыргызстандык жаранды 7 ай эркинен ажыратып, түзөтүү колониясына камады. Бул тууралуу облустук сот тутумунун бирдиктүү маалымат кызматы билдирди.

Басма сөз кызматынын маалыматына караганда, соттолуучу буга чейин Орусиядан беш жылга депорттолгон. Бирок 2022-жылы жеке маалыматтарын өзгөртүп, жаңы паспорт алып, Рощино аэропорту аркылуу кайрадан Россияга кирген.

Соттук отурумда ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, ишти өзгөчө тартипте кароону өтүндү. Жагдайларды эске алуу менен ал жети айга эркинен ажыратылып, түзөтүү колониясына кесилди.

259