7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орусиянын пайдасына тыңчылык кылган деген жаран камалды

1634

Польшада Орусиянын пайдасына тыңчылык кылган деген киши кармалып, 3 айга камакка алынды. Бул тууралуу жергиликтүү басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, орус чалгын кызматына иштеген адамдардан буйрук алып турган шектүү польшалык жана чет өлкөлүк саясатчылар, анын ичинде Европа парламентте иштеген аткаминерлер менен байланыш түзүүгө аракеттенген.

Шектүү Польшада, Европа Биримдигинде жана башка өлкөлөрдө иш алып барчу.

«Бул — орус пропагандасынын жана жалган маалымат таратуу долбоорунун бир бөлүгү болчу. Алар Польша менен Еврошаркеттин дүйнөлүк сахнадагы позицияларын алсыратууну көздөшкөн», — деп айтылат Улуттук прокуратуранын билдирүүсүндө.

Ал адамдын үйүн жана ага байланышкан кеңселерди текшергенде 81 миңден көп долларга тете улуттук акча жана көптөгөн “маалымат чогулткан технологиялык жабдыктар” табылганын прокуратура кошумчалады.

Эскерте кетсек, Орусия азырынча бул окуя тууралуу унчуга  элек. Кармалган адам күнөөлүү деп табылса, 10жылга чейин кесилиш мүмкүн.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1635