Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жолуккан учурда «Сапат» билим берүү мекемесинин жетекчиси Орхан Инандынын жоголушу тууралуу да айтылды.
Президенттин катчысы Эрбол Султанбаев массалык маалымат каражаттарына билдиргендей, президент Жапаров Эрдогандан Кыргызстанда жоголгон Орхан Инанды жөнүндө сураган. Ага Эрдоган, ФЕТОчулар тууралуу уккум да келбейт деп жооп берген.
«Режеп Тайип Эрдоган аны тааныбайм, эч кандай маалыматым жок жана ФЕТОнун тарапкерлери жөнүндө эч нерсе уккум келбейт деп жооп берди», — деди Султанбаев.