7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Исхак Масалиев коронавирустан жабыркап изоляцияда жатып, министрдин кемчиликтерин тизмектеп берди

6533
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев коронавирус илдетинен жабыркап, изоляцияда даарыланууда. Бул тууралуу ал өздүк баракчасында билдирди. Мурдагы депутат коомчулукту өзүнө сак болууга чакырат. Себеби, өлкөдө илдет менен күрөшүү чабал экендигине күбөмүн деп, бир катар мисалдарды келтирген.
7-күндөн бери изоляцияда жатам. Канчалык этияттаганыма карабай, карабаскан вирус жабышты. Баары жакшы, жеңил элемин. Бирок, республикада илдетти текшерүү, анализ алуу системасынын абалы начар, илдет менен күрөшүү чабал экендигине күбөмүн.
  • Биринчиден — анализ тапшыруунун баасы кымбат, көпчүлүк жарандарга ыңгайлуу эмес. Мисалы, мага толук текшерилүү 15 миң сомго түштү.  Акысыз текшерүү, качан гана вирус адамдын организмин жеп, абалы начарлап кеткенде гана иштейт  экен.
Массалык текшерилүүнү камсыздашыбыз керек, акысыз болсун же арзаныраак болсун. Мен ишенимдүү айта алам, саламаттыкты сактоо министрлигинин статистикасы реалдуу картина эмес. Ал эми жарандар оорусу өтүшүп кетип каза болууда.
  • Экинчиден — вирус табылган адам менен байланышта болгон жарандардан анализ алынбай жатат. Мен өзүм сурангандан кийин гана атайын бригада барып анализ алышты. Бирок, 7 адамга каражат төлөө мен үчүн деле кыйын болду.
  • Үчүнчүдөн, биздин министрден коомдук шоулордун ордуна, вируска каршы чыныгы күрөш үчүн бюджеттен кошумча каражат бөлүүнү талап кылышы керек.
Албетте, адамдардын 99 пайызы коронавирустан айыгып кетишет, бирок бул аларга жана алардын үй-бүлөлөрүнө кандай зыян келтирет? Акыр-аягы, биз бардыгыбыз бюджетти түзөбүз жана ал өкмөттүн өзү сыяктуу эле биз үчүн арналган.  Биз үчүн, биз алар үчүн эмес,!
Учурдан пайдаланып, баарына кайрылам — өзүңүзгө кам көрүңүз, эмдөөдөн өтүңүз, этият болуңуз!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

6534