Японияда клиникалардын биринде өрт чыгып, 24 киши каза болду. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Осака шаарында терапевтикалык жана психологиялык жардам көрсөтүүчү клиниканын төртүнчү кабатынан өрт чыгып, 34 өрт өчүрүүчү, 70ке жакын техника тартылып, өрт жарым саатка жетпей өчүрүлгөн.
«Түтүнгө ууланган жана башка жаракаттар менен 28 адам ооруканага жаткырылып, 19 адам каза болгон. Кийинчерээк дагы 5 адам каза болгону кабарланды. Көз жумгандардын 10у аялдар, 14ү эркектер»,-деп берилет маалыматта.