«Аэропорт-Ош» көзөмөл-өткөрүү пунктунда зер буюмдарды мыйзамсыз алып чыгуу аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
“Стамбул-Ош” аба каттамы боюнча келген адамдарды паспорттук көзөмөлгө алуу учурунда, Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандарынан жалпы салмагы 388,53 грамм болгон сары металлдан жасалган буюмдар (браслеттер – 4 даана, шакектер – 32 даана, сөйкөлөр – 22 даана, кулондор – 15 даана, жана шакектер – 24 даана) табылып алынды.
Учурда жогорудагы адамдар кармалып, тергөө абагына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.