7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улан Ниязбеков: Жол кырсыктары үчүн жооп берчү мезгил жакын калды

576

Унаалардын көбөйүшү, сапатсыз айдоочулардын даярдалышы, жол инфра-түзүмүнүн талапка ылайык келбегени — жол кырсыктын негизги себептер болуп эсептелет. Бул тууралуу айткан ички иштер министри Улан Ниязбеков иш-чараларды күчөтүп, тиешелүү жумуштарды жүргүзүүнүн зарылдыгын эскертти.

“Жол кырсыктары биздин өлкөдө эле эмес, көптөгөн мамлекеттерде көйгөйлүү маселе болуп эсептелет. Аталган факторлорду эске алып, заманбап технологиялардын жана таасирдүү пропагандалык ишмердиктин натыйжасында, жол кырсыктарынын санын азайтуу боюнча баарыңыздар талыкпаган жумуштарды алып барыңыздар. Айдоочулар жана жөө жүргүнчүлөр арасында профилактика иштерин туура жүргүзүп, унаа кырсыктарын болтурбоо боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып барууну тапшырам. Жол коопсуздугу баардык адамдардын жашоосундагы маанилүү орунда турат. Анткени, дүйнөнү кыдырып жолго чыккан турист болобу же жергиликтүү тургун болобу, биринчи кезекте унаа каттамдарына көңүл бурат. Былтыркы туристтик мезгилге караганда, же тактап айтканда 13-майдан 31-августка чейин жол кырсыктары болгону 21 фактыга гана төмөндөгөн. Бирок ошого карабастан бул багытта ишти ар тараптуу күчөтүү керек. Бул маселени биз тогуз айдын жыйынтыгы менен өтө турган коллегияда кеңири талкуулдап чечимдерди кабыл алабыз.  Жол кырсыктарына жооп бере турган мезгил жакындап калды, ошондуктан иш-чараларды күчөтүп, тиешелүү жумуштарды алып барыңыздар деп дагы бир жолу эскертем”,-деди ИИМ башчысы Улан Ниязбеков.

Онлайн режиминде өткөн кеңешмеге министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты. Анда жол кырсыктарынын келип чыгуу себептери жана кол коопсуздугун камсыздоо маселелери талкууланды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

577