9-декабрга карата коронавирус дагы 32 адамдан аныкталып, 74 адам илдеттен сакайып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, бир суткада 2 бейтап каза болду.
- Бишкек шаарында – 41,
- Ош шаары – 2,
- Чүй облусунда – 16,
- Ош облусунда – 1,
- Ысык-Көл облусунда – 5,
- Баткен облусунда – 1 адамдан илдет жаңы табылган.
Пандемия башталгандан бери 183 миң 810 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 178 миң 851 киши айыгып чыкса, 2 миң 764 адам каза болду.