7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек: 29 жаштагы жарандын өлүмүнө, базардан алынган антибиотик себеп болгонбу?

682

Бишкекте «Ош базарынан» антибиотик сатып алып колдонгон 29 жаштагы жаран каза болду. Жарандын каза болгонун Бишкек шаарынын Ленин райондук бириккен  үй-бүлөлүк медициналык борборунун директору Чоро Сатаев тастыктады. Бирок, анын өлүмүнө «Ош базарынан алынган антибиотиктин канчалык таасири бар экендиги азырынча белгисиз деди.

«Биз азыр маркумдүн үйүндө жүрөбүз. Маркум 16-июнда Бишкектин Ала-Тоо конушундагы медициналык борборго оор абалда кайрылган. Зарыл болгон медициналык аракеттердин баардыгы көрсөтүлгөндүгүнө карабай, каза болуп калган. Жакындары Ош базарынан контейнерлердин биринен «цефтриаксон» деген антибиотикти сатып алып сайдыргандан кийин өзүн жаман сезип жаткандыгын айтышкан. Тийиштүү медициналык экспертизанын жыйынтыгы азыр чыга элек, бир айдан кийин аныкталат«, -деди Сатаев.

Маркум 1992-жылы туулган. Ооруканага барган кезде, жубайы жанында болгондугу айтылат.

Ленин РИИБи ошол эле күнү аталган контейнерге барып, дарыларын чогултуп алган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

683