Жакында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетиндеги Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы жоюлат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда ишкерлер менен жолугушууда айтты.
“Каржы полициясынын ишин терең анализдеп, көптөгөн арыздарды эске алуу менен өзүн-өзү актаган жок деген жыйынтыкка келгенбиз жана аны жоюу тууралуу чечимди кабыл алганбыз. Бул бизнести колдоо багытындагы чечкиндүү кадам болгон. Аталган кадамдарды улай УКМКнын алдындагы антикоррупциялык кызмат жоюлат”, — деп билдирди Жапаров.